Суббота, 18 апреля

Түркиянын Жээк коопсуздук кызматы 80ден ашуун мигрантты куткарып калды

0

Афганстандык мигранттар түшкөн үйлөмө кайыктар Греция тараптан суу аркылуу Түркияны көздөй жөнөтүлгөн.

Түркиянын түндүк-батышындагы Чанаккале провинциясынын Айважык районунун жээгиндеги Эгей деңизинде жалпы 84 мыйзамсыз мигрант куткарылды.

1-июль күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 04:50дө Түркиянын Жээк коопсуздук кызматы Айважык аймагынын жээгинде качкындар салынган үйлөмө кайык бар деген билдирүү алган.

Аталган маалыматтан кийин окуя болгон жерге Түркиянын Жээк коопсуздук кызматынын TCSG-6 катери жөнөтүлгөн.

Операциянын натыйжасында 37 адам аман калган.

Экинчи билдирүү ошол эле күнү жергиликтүү убакыт боюнча 12:24тө келип түшкөн. Белгиленген аймакка КB-20 жана КB-4304 кайыктары менен куткаруучулар барып, алар 47 мыйзамсыз мигрантты куткарып калууга жетишкен.

Тиешелүү процедуралардан өткөндөн кийин мыйзамсыз жүргөн 84 мигранттын баары жергиликтүү миграция бөлүмүнө жеткирилди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз