Воскресенье, 19 мая

Кыргызстанда кызамыкка чалдыккан балдардын 81%ы эмдөөдөн өткөн эмес

0

Өлкөдө жыл башынан бери кызамык менен ооруган 1001 бала катталып, алардын 81 пайызы эмдөөдөн өтпөгөндүгү аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады.

Ага ылайык, вакцина албаган балдардын:

33 пайызы — эмдөөдөн баш тарткандар;

29 пайызы — жашы жетпеген ымыркайлар (6 жана 8 ай);

8 пайызы — ден соолугуна байланыштуу дарыгердин каршы көрсөтмөсү барлар;

1,3 пайызы — миграциялык шарттарга байланыштуу;

10 пайызы — белгисиз себептерден улам эмдөөдөн өтпөгөндөр.

Министрлик кызамыкты дарылоонун атайын жолу жоктугун, бирок аны эмдөө менен гана алдын алууга мүмкүн экенин эскертет.

«Эмдөө — балдардын жана коомдун ден соолугун инфекциялардан коргоодо маанилүү кадам. Андыктан бардык кыргызстандыктарды өлкөдө кызамык оорусунун жайылышын алдын алууда жардам берүүгө чакырабыз», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле профилактикалык календарь боюнча балдар кызамыкка каршы 1 жана 6 жашында эмдөөдөн өтүшү керектиги айтылды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз