Бүгүн, 10-июлда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү күтүлөт.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги буга байланыштуу жарандарды сак болууга чакырып, арыктарды жана дренаж каналдарды тазалоо керектигин эске салат.