Пятница, 22 ноября

Нарында дайынсыз болуп жаткан жигиттин жансыз денеси табылды

0

Нарында дайынсыз болуп жаткан жигиттин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ат-Башы райондук суу чарба башкармалыгынын Ак-Моюн айылындагы суу көзөмөлдөөчү мурап Өмкө каналында адамдын сөөгү жатканын кабарлаган.

10-июлда саат 18:09да куткаруучулар 21 жаштагы Э. уулу А. жигиттин сөөгүн суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Белгилей кетсек, аталган тургун 7-июлда Ак-Сай өрөөнүнө кеткен. Анын аты Ача тилкесинен табылып, өзү дайынсыз болгондугу тууралуу маалымат 102 кызматына түшкөн. Жоголгон адамды издөөгө жалпысынан 12 чыгышкан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз