Воскресенье, 5 мая

Жапаров менен биринчи айым Монголиянын улуттук майрамына катышты

0

Садыр Жапаров жана биринчи айым Айгүл Жапарова Монголиянын улуттук Наадам майрамынын ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Иш-чара Улан-Батор шаарындагы Улуттук стадиондо өтүп жатат. Жапаров мамлекеттик сапарынын алкагында ардактуу конок катары барды.

Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух куттуктоо сөз менен чыгып, Тогуз ак бунчукка таазим кылып, Наадам майрамынын башталышын расмий жарыялады.

Наадам жыл сайын Монголиянын ар тарабында белгиленип, салттуу ат чабыш, күрөш жана жаа атуу өткөрүлөт.

Чакырылган коноктор жана бардык катышуучулар үчүн концерттик программа тартууланды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз