Вторник, 7 мая

Ошто 19 жеке медициналык борбор жабылды

0

Ошто медициналык кызмат көрсөткөн 19 жеке менчик мекеме жабылып, 8 ишкананын иши укук коргоо органдарына кароого жөнөтүлгөн. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга алардын санитардык-гигиеналык ченемдерин сактабагандыгы себеп болгон.

Бүгүн Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров шаардык ички иштер башкармалыгынын жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун өкүлдөрүнүн катышуусунда Ош шаарынын мэриясынын саламаттык сактоо тармагын башкаруу боюнча координациялык кеңешмесинин протоколдук тапшырмасын аткаруу боюнча жыйын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө жеке менчик ишканалар, анын ичинде сулуулук салондор, тиш дарылоочу кабинеттер, медициналык борборлор, хижама бөлмөлөрү жана ушул сыяктуу кан менен байланышуу аркылуу кызмат көрсөткөн ишканалар тарабынан калкка кызмат көрсөтүүдөгү мыйзам бузууларды жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин аткаруу маселеси каралды.

Анын жыйынтыгы менен тиешелүү кызматтарга кан аркылуу жугуучу инфекциялардын АИВ, гепатиттин алдын алуу боюнча иштерди күчөтүү тапшырмасы берилди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз