Вторник, 7 мая

Орусияда жынысын алмаштырууга тыюу салган мыйзам кабыл алынды

0

Орусиянын Мамлекеттик думасы жыныс мүчөсүн алмаштырууга тыюу салган мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды.

Мыйзам жубайлардын бири жынысын алмаштырса, никени жокко чыгарууну карайт. Эгер жынысын алмаштырганы боюнча күбөлүк бар болсо, анда ал адамга бала асырап алууга уруксат берилбейт.

Документ күчүнө киргенге чейин жынысын алмаштырган адамдарга бул нормалардын тиешеси жок. Ошондой эле кандайдыр бир медициналык көрсөтмөлөрдөн улам операция жасалган учурда дагы бул жыныс алмаштыруу болуп эсептелбейт.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз