Айсулуу Тыныбекова кыз келиндер күрөшү боюнча Венгрияда өтүп жаткан дүйнөлүк рейтингдик
турнирде алтын медаль утту.
Ал 62 кг чейинки салмак ченинде турнирдин 1/16 финалынан баштап күрөшүп баштаган.
Алгач ал германиялык Луиза Хелга Герданы 2:0 менен утса, кийинкисинде венгриялык балбан кыздын 10:0 менен жеңген. Дагы эки балбанды жеңип, финалда Болгариялык спортчу Биляна Дудованы 2:1 менен утуп, биринчи орунду алды.
Муну менен кыргыз балбаны аталган «Polyak Imre — Vargo Janos Memorial» турниринин төрт жолку чемпиону аталды.