Суббота, 27 апреля

Президент: Азаттык радиосу эч качан жакшылык издебейт

0

Президент Садыр Жапаров “Азаттыктын” Чүйдүн Кемин шаарынын жогору жагындагы майнинг ферманын ишмердиги боюнча журналисттик иликтөөсүнө комментарий берди. Ал бул боюнча мындай деди:

“Азаттык өлкө ичинен эч качан жакшылык издебейт. Жалан жамандык издөө менен алек болушат. Буга бүткүл кыргызстандыктар күбө болдуңар. Бир ишти түшүнүп-түшүнбөй туруп эле сындай бергенден, жалган маалыматтарды тараткандан алыс болушса жакшы болот эле. «Толук маалыматын жокпу, ал ишке мурдуңду тыкпа» деген сөз бар. Азаттык көчөдө жүргөн түшүнүгү жок адамдарды сүйлөтө калып эле элдин башын айлантып видеоматериал таратаардан мурда министрден сурап алса болмок.”

Жапаров, Кеминдеги майнинг ферма боюнча буларды айтты:

“Биринчиден текейден арзан эмес, эң кымбат баа менен 1 Квтын 5 сом 04 тыйын менен Кемин районуна майнинг ферма курганга уруксат бергенбиз. Себеби Кемин подстанциясынын күч кубаты жетет. Экинчиден жайдын күнү бизде электр энергия толук жетиштүү. Ал түгүл ашып калат. Эч бир жакка сата албайбыз. Ошондуктан энергетика системасына пайда түшсүн деп, нагрузканы көтөрө алчу участокторго уруксат берип жатабыз. Эгер кыштын күнү кыйынчылык келе турган болсо үч ай токтотуп коебуз. Калган тогуз ай бою иштей беришсин. Энергетика системасына, салык инспекциясына миллиондогон сом таза кирешелерди берет. Мисалы ушул эле Кеминдеги майнинг ферма алты ай убакыттын ичинде 480 миллион сом энергетиктерге, 225 миллион сом салыкка төлөп берди. Бул акчанын баары мамлекеттин, ошол эле элдин пайдасына түштү. Эми бул компания жергиликтүү салык инспекциясына катталды. Мындан ары салыктарды жергиликтүү бюджетке төлөйт. Албетте райондо жылыштар пайда болот.”

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз