Суббота, 23 ноября

Кыргызгидромет аба ырайы тууралуу маалымат берди

0

Кыргызгидромет борбору өлкө аймагында 28-июлга карата күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Ага ылайык, бүгүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда +29…+34, Талас облусунда +27…+32, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +31…+36, Ысык-Көл облусунда +22…+27, Нарын облусунда +27…+32 градус болушу күтүлөт.

Ал эми Бишкек шаарында өткүн өтүп, күн күркүрөйт, абанын температурасы +30…+32 градуска жетет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз