Пятница, 3 мая

1-класска электрондук каттоонун бүтөрүнө бир ай калды

0

Билим берүү жана илим министрлиги окуучуларды 1-класска электрондук каттоонун бүтөрүнө бир ай калгандыгын эскертүүдө.

Учурда каттоонун экинчи этабы өтүп жатат, ал 31-августка чейин уланмакчы. Министрликтен бул этапта жашаган дареги каралбай турганын айтышты.

Ал эми үстүбүздөгү жылдын 10-апрелинен 30-июлуна чейин мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына 110 миң 81 бала кабыл алынган. Анын ичинен 2 миң 440 бала жеңилдик менен катталган.

«Бул мамлекеттик жана муниципалдык мектептердеги жалпы бөлүнгөн квотанын 59 пайызын түзөт, дагы 75 миң 965 бош орун бар», — деп билдирди министрлик.

Электрондук каттоо боюнча биринчи класска өтүнмө берүү үчүн уюлдук телефон же компьютер аркылуу интернетке кирүү керек. https://mektep.edu.gov.kg/ порталын ачып, башкы беттеги көрсөтмөлөрдү аткаруу зарыл.

Көп берилүүчү суроолорго жоопторду жана нускамаларды порталдын башкы бетинен табууга болот:

mektep.edu.gov.kg

youtu.be/rklBh-ZEqjs

edu.gov.kg/posts/1841/

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз