Воскресенье, 19 мая

“Эл үмүтү” стипендиясын алууга 63 адам катталды

0

Быйыл президенттин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясын ыйгаруу үчүн сынактын тандоого 63 арыз түштү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Стипендиянын максаты Кыргызстандын кыйла таланттуу жаштарына жогорку окуу жайларынын, билим берүү программаларынын QS World University Rankings, Times Higher Education топ-100 дүйнөлүк рейтингине кирген чет өлкөлүк окуу жайларында магистр жана PhD доктору деңгээлинде билим алуусуна көмөк көрсөтүү болуп саналат.

“Эл үмүтү” стипендиясын алууга 63 адам катталган. Анын ичинен 45 талапкердин арызы талапка жооп берген эмес. Документтердин толук пакети 18 адамда гана болгон. Бирөө баш тарткан.

Республикалык комиссия “Эл үмүтү” стипендиясына талапкерлер тарабынан берилген документтерди карап чыгып, алардын негизинде 2023-2024-окуу жылына стипендианттарды тандады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз