“Ош шаары – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” аталгандан кийин, Ош шаарын дүйнөгө таанытуу аракеттеринин бири – түрк тилдүү мамлекеттердин сүрөтчүлөрүнүн катышуусундагы иш-чаралар болуп калмакчы.
Анын алкагында Ош шаарына Кыргызстан, Түркия, Казакстан, Түркмөнстан, Венгрия, Якутия, Башкортостан, Азербажан, Өзбекстан сыяктуу 10го жакын мамлекеттин чыгармачыл инсандары келишти. Аларды Кыргызстандын ТҮРКСОЙдогу өкүлү Кожогелди Култегин башында турган жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү тосуп алышты.
Сүрөтчүлөр “Байыркы Ош – 21 кылымдын сүрөтчүлөрүнүн көзү менен” деп аталган Эл аралык пленэрге катышышат. Мында белгилүү сүрөтчүлөр Ош шаарынын жай мезгилиндеги кооздугун тартышып, өздөрүнүн эмгектерин калтырып кетишет. Аталган пленэрге катыша турган сүрөтчүлөр:
— Мехмет Санжар Мулазимоглы (ТҮРКСОЙ);
— Кожогелди Кулуев (ТҮРКСОЙ);
— Сапарбай Осмоналиев (Кыргызстан);
— Умирбек Жубаниязов (Казакстан);
— Мехмет Али Доган (Түркия);
— Хожагулы Хожагулиев (Түркмөнстан);
— Мехмет Сарилер (Түнүдүк Кипр Түрк Республикасы);
— Леа Тос (Венгрия);
— Семен Никифоров (Саха, Якутия);
— Айгул Ишбердина (Башкортостан);
— Хуршид Назаров (Өзбекстан);
— Парвиз Алакбарли (Азербайжан);
— Кубаныч Мамарайимов (Кыргызстан, Ош);
— Исмаил Ормонов (Кыргызстан, Ош).