Суббота, 27 апреля

Гутерриш: Ядролук согуш коркунучу эң жогорку деңгээлге жетти

0

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш өзөктүк курал басымдын элементи катары колдонулуп жатканын билдирип: «Ядролук кырсык тобокелдиги азыр кансыз согуштан берки эң жогорку деңгээлде»,-деп өз баасын берди.

Киодо маалымат агенттигинин кабарына караганда, (АКШ тарабынан) Япониянын Нагасаки шаарында атомдук бомба ташталганынын 78 жылдыгына байланыштуу эскерүү аземи өткөрүлдү.

Аземге жолдогон билдирүүсүндө БУУнун баш катчысы Гутерриш ядролук куралды жок кылуу БУУнун куралсыздануудагы эң жогорку приоритети экенин белгиледи.

Гутерриш:«Ядролук коркунучту жок кылуунун бирден-бир жолу-ядролук куралды жок кылуу»,-деп өз баасын берди.

Нагасаки менен Хиросимадагыдай кыйроолорго эч качан жол берилбеши керек экендигин баса белгилеген Бириккен Улуттардын Уюмунун баш катчысы мындай деди: «1945-жылдын коркунучтуу сабактарына карабастан, адамзат азыр жаңы жарыша куралдануунун алдында турат. Өзөктүк курал басым жасоонун куралы катары колдонулууда. Учурда өзөктүк кырсыктын тобокелдиги кансыз согуштан берки эң жогорку деңгээлде».

Гутерриш өзөктүк куралдын ар кандай колдонулушу кабыл алынгыс экенине көңүл буруп, ядролук коркунучка каршы глобалдык коомчулуктун бир адамдай сүйлөшү керектигин белгиледи.

Баш катчы: «Өзөктүк куралы бар мамлекеттер мындан да коркунучтуу куралдарды жаратуу үчүн жарышып жатканда биз карап отурбайбыз»,-деп айтты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз