Суббота, 27 апреля

Бостериде жаш жигитти өлтүргөндөр кармалды

0

Бостеридеги жарандын өлүмү боюнча шектүүлөр кармалды, деп билдирет ИИМдин маалымат кызматы.

Мурда маалымдагандай, 6-августта Бостери айылынын аймагында жайгашкан “Золотые пески” пансионатынын көл жээгинде Талас облусунун 23 жаштагы тургуну А.Б. өлүмү боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин ар тараптуу жана объективдүү териштирүү максатында, Кыргыз Республикасынын ИИМдин жана Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын көп жылдык эмгек стажы бар жана тажрыйбалуу милиция кызматкерлеринен турган атайын тергөө-ыкчам тобу түзүлгөн болчу.

Окуяны, мамлекет башчысы Садыр Жапаров өз көзөмөлүнө алып, укук коргоо органдарына ар тараптуу жана объективдүү тергөө жүргүзүүнү тапшырган. Сотко чейинки өндүрүш ишинин жүрүшү КР ИИМдин жана Ысык-Көл ОИИБдин жетекчилигинин көзөмөлүндө дайыма болуп, ар бир аткарылган иштер боюнча маалыматтар күндө угулуп келген.

8-август күнү Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан аталган окуя боюнча чогулган маалыматтардын негизинде, бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 122 – беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.

Түзүлгөн атайын тергөө-ыкчам тобу тарабынан каза болгон жарандын өлүмүнүн себептерин аныктоо үчүн көлөмдүү иликтөө иштери турмушка ашырылып, кошумча күбөлөр аныкталып, алар менен сурамжылоо иштери жүргүзүлгөн. Талас облусунун 23 жаштагы А.Бнын. өлүмүнүн себебин аныктоо максатында кошумча соттук-медициналык жана соттук — химиялык экспертизалар дайындалган.

Андан тышкары, тергөө-ыкчам иштеринин жүрүшүндө 100дөн ашык жарандар суралып, анын ичинен 44 күбө окуя боюнча көргөзмөлөрүн беришкен. Алардын берген көргөзмөлөрү боюнча тыкыр иликтөө иштери жүрүп, убактылары менен териштирүү жана салыштыруу иштери колго алынган. Натыйжада, күбө катары суракка алынган жарандардын айрымдары жалган көрсөтмө беришкендиктен, учурда алардын аракеттерине укуктук баа берилүүдө.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 220-беренесинин (Атайын тергөө аракеттеринин түрлөрү) негизинде сотко атайын тергөө амалдарын жүргүзүү жөнүндө өтүнүчтөр киргизилип, санкциялар алынды жана атайын тергөө аракеттери турмушка ашырылды.

Көрүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү жарандар аныкталып, Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Алар, мурда соттолгон Бишкек шаарынын 32 жаштагы тургуну Б.Б., Ысык-Көл облусунун Бостери айылынын тургундары 28 жаштагы Ж.Р. жана А.У., ошондой эле 29 жаштагы Э.А. болуп чыгышты.

Аталган жарандар КРнын кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин (Кармоонун негиздери) негизинде Ысык-Көл РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ысык-Көл райондук соттун чечими менен шектүү жарандарга карата тергөө амалдарын өткөрүү мезгилинде 2 айга камака алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында окуянын жагдайлары жана себептерин аныктоо боюнча тергөө амалдары уланууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз