Суббота, 27 апреля

Орусияда АКШ «тыңчысынын» соту болду

0

Орусия «тыңчылык» менен айыптаган Wall Street Journal (WSJ) кабарчысы Эван Гершковичтин камоо мөөнөтүн 30-ноябрга чейин узартты.

Камактагы мөөнөтү 30-августта бүтө турган Гершкович бүгүн  Москвада сот алдына чыкты.

Массалык маалымат каражаттарына жабык өткөн соттон кийин сот Гершковичтин камоо мөнөтүн  30- ноябрга чейин узартуу чечимин чыгарды.

Wall Street Journal гезитинин Москвадагы бюросунда кабарчы болуп иштеген Эван Гершкович 29-мартта Орусиянын Урал аймагындагы Екатеринбург шаарында тыңчылык кылды деген шек менен камалган.

Орусиянын Коопсуздук кызматы АКШ жараны Гершковичтин «АКШ өкмөтү үчүн тыңчылык кылды» деген айыптоо менен камалгандыгын билдирген. Гершковичтин Орусиянын тышкы иштер министрлигинде акредитациясы бар.

АКШнын президенти Жо Байден жана кээ бир жогорку мартабалуу жетекчилер америкалык журналистти тезинен бошотууга чакырышты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз