Суббота, 27 апреля

Эгемендүүлүк майрамында Бишкекте концерт болобу? (Программа)

0

Бишкек мэриясы Эгемендүүлүк күнү, 31-августта жана аны утурлай Бишкек шаарында боло турган иш-чаралар боюнча маалымат жарыялады.

31-августта саат 19.00дө борбордук «Ала-Тоо» аянтында эстрада жылдыздарынын катышуусу менен майрамдык концерт өткөрүлөт.

Ленин району

2023-жылдын 31-августунда саат 10:00дө Ак-Өргө, Арча-Бешик конуштарында, Юлиус Фучик атындагы сейил багында аркан тартыш, ордо, тогуз коргоол, шашки түрлөрү боюнча мелдештер болот.

Октябрь району

2023-жылдын 31-августунда саат 10:00дө «Ден соолук» сейил багында мини футбол, волейбол, балдардын жеңил атлетикасы, стритбол, эстафета, ордо, аркан тартыш, таяк тартыш, тогуз коргоол боюнча мелдештер өткөрүлөт.

Ушул эле күнү дагы бир аймакта — Дайыр Асанов атындагы паркта эстафета, аркан тартыш, таяк тартыш, ордо, тогуз коргоол, шахматтын түрлөрү боюнча мелдештер уюштурулат. Ал эми кеч курун саат 18:00дө ушул эле сейил бакта тамак-аштын, музыканын жана суусундуктардын FOODFEST 2023 фестивалы өтөт.

Саат 15:00дө «Ынтымак-2» сейил багында кайрымдуулук жарманке уюштурулат.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз