Суббота, 27 апреля

Президент кыргыз элин эгемендүүлүк майрамы менен куттуктады (Текст)

0

Бүгүн, 31-августта, Ош шаарындагы Сулайман-Тоонун этегиндеги Алымбек Датка атындагы реконструкцияланган жана көрктөндүрүлгөн сейил багында өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусун көтөрүү салтанаттуу аземи болуп өттү.

Президент, өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы колбашчысы Садыр Жапаров өз сөзүндө Кыргызстан элин майрамы менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосунда төмөнкүдөй айтылат:

«Урматтуу мекендештер!
Ордолуу Оштун уюткулуу улуу журту!
Урматтуу кыргызстандыктар жана кадырлуу меймандар!

Бүгүн кыргызстандыктар үчүн, алыс-жакында жүргөн мекендештер үчүн улуу күн! 31-август – Кыргыз Республикасынын көз карандысыздык күнү.

Кылымдарды карытып келген улуу кыргыз журтчулугун Эгемендик күнү менен Кыргызстандын экинчи борбору атыккан, Сулайман тоосу, Ак-Буура дарыясы менен белгилүү болгон кадимки Улуу Жибек жолунун боюндагы кереметтүү Ош шаарынан куттуктап, сыймыктанып турам.

Баарыңыздарды Көз карандысыздык майрамы менен чын дилимден куттуктаймын! Ылайым, түндүгүн күн нуру чайыган кызыл желегибиз ар дайым желбиреп турсун, туубуз жыгылбасын, асманыбыз ачык, жергебизде тынчтык болсун! Майрамыбыз кут болсун!

Эркиндиктин, азаттыктын добушун жаңырткан Эгемендик менен кызыл байрагыбыз бири-биринен ажырагыс бир бүтүндүктү туюндурат. 30 кылымдан ашуун тарыхында ата-бабаларыбыз дал ушул эркиндиги, эгемендиги үчүн канын төгүп, жанын берип күрөшүп, улуу дөөлөттөрдү куруп, туусун бийик желбиретип, тарых барактарына “кыргыз” деген атты ташка тамга баскандай кылып калтырып кетишкен.

Кылкылдаган кызыл туусу менен куп жарашкан Эгемендик бизге ыйык сезим болуп калыптанып, бул ыйыктык муундан муунга кан аркылуу өтүп, бүгүнкү күндө элибиз эркиндикти сүйгөн, калыстыкты туу туткан эл экенин эчен ирет далилдеди. Мына ошол эгемендигибиздин эн белгиси болгон кызыл байрагыбыз ата-бабаларыбыздын аманатын, келечек муун алдындагы милдеттерибизди ар дайым эскертип, каныбызды дүргүтүп, көөдөнүбүзгө дем-күч берип келет. Ошондуктан бүгүнкү күндө мекенчилмин деген ар бир кыргызстандык атуул өлкөбүздүн көз карандысыздыгын, мамлекетибиздин бүтүндүгүн, эли-журтубуздун ынтымагын коргоону ыйык милдет деп санайт.

Өткөн жылы улустун улуу күнү болгон Эгемендүүлүк майрамын ар жылы ар дубанда өткөрүүнү ниет кылып, берекелүү Чүй боорундагы айтылуу Чуңкурчак жайлоосуна туу көтөргөн элек. Быйыл болсо мындай сыймыктуу иш 3000 жылдан ашуун тарыхы бар, Фергана өрөөнү жана жалпы эле Борбор Азиядагы байыркы шаарлардын катарында турган ордолуу Ош шаарында, касиеттүү Сулайман тоонун астанасында жүз берип берип олтурат.

Кудай буюрса, өлкө биримдигин чыңдоого багытталган бул иш-чара аркылуу эгемендигибизди даңктап-даңазалоону жакшы салтка, мыкты саамалыкка айлантып олтурабыз.

Табият менен таттуу мамиледе жашап келген кыргыз эли насилинде аскар тоолорду эңсейт, бийиктикти самайт, улуулукка таазим кылат. Ошондуктан кыргыз эли кылымдар бою Ала-Тоосун мекендеп, аны көздүн карегиндей сактап келе жатса, кээде Ала-Тообуз бизди сактап келе жаткандай туюлат.

Бүгүн биз байыркы мезгилдерден азыркы күнүбүзгө чейин мамлекеттин эгемендигинин эн тамгасына айланган кызыл туубузду дал ушул улуулукту, бийиктикти символдоштурган Сулайман тоонун астанасына 60 метр бийиктикке көкөлөтүп жатабыз.

Бир туунун астына башын бириктирген биримдиктүү элибиздин келечеги кең болсун! Байрагын бийик желбиретип, ынтымагын арттырып, өнүгүүгө бет алган калың журтка айланалы!

Ардактуу агайын-туугандар!

Биз, жалпы кыргызстандыктар ордолуу Ош шаары менен ар дайым сыймыктанабыз. Себеби, капкалуу бул шаар Сулайман пайгамбар менен Искендер Зулкарнайндын аты менен байланышкан уламыштардан сырткары, араб жана перс окумуштууларынын, тарыхчыларынын эмгектеринде эскерилет. Аларда Ош шаары жөнүндө маанилүү тарыхый, маданий, аскердик, социалдык-экономикалык көптөгөн маалыматтар жатат.

Ош шаары Улуу Жибек Жолундагы маанилүү соода жана маданий түйүн катары эчендеген тарыхый доорлорду эске салып турат. Бул аймак тарыхта түркүн маданияттар жуурулушкан, түрдүү цивилизациялардын элементтери кездешкени менен баалуу. Бүгүнкү күндө да Ош облусу өлкөбүздүн өлчөөсүз байлыгы болгон этностор аралык ынтымактын, көп түрдүүлүктүн духун чагылдырып турат.
Кудай буюрса, Ош дубаны кайрадан жаңыланган Улуу Жибек Жолунда тарыхый миссиясын уланта турган күн дагы алыс эмес. Ош облусу аркылуу өтө турган “Кытай – Кыргызстан — Өзбекстан” темир жолун куруу долбооруна 3 мамлекеттин башчылары тарабынан кол коюлгандыгын, бул темир жол магистралынын канчалык маанилүү экенин жакшы билесиздер.

Урматтуу калайык-калк!

Биз, кыргыз эли бирде жеңип, улуу дөөлөттөрдү куруп, кеӊ аймакта ат ойнотуп, салтанат куруп, бирде жеңилип, катуудан казаны калганча кырылып, түгөнүп барып түтөгөн элбиз.

30 кылымдан ашуун карт тарыхты кырча баскан ата-бабаларыбыз өз кезегинде дүйнөлүк цивилизацияга салым кошо алышкан. Бул тууралуу бүгүнкү күндө, айрыкча, азыркы интернет желесинде маалымат желдей учуп турган чакта кыргыз эли – даңктуу тарыхы бар улуу эл болгону ар тараптан тастыкталып баратканына күбө болуудабыз. Демек, сыймыктангыдай жана сабак алгыдай бай тарыхыбыз бар. Албетте, бул – ата-бабалардын, улуу муундун эмгеги.

Ал эми ошол алмустактан бери келаткан кыргыз тарыхынын бир бөлүгү, бүгүнкү күндө да өз орду, өз салмагы бар Оштун тарых-таржымалы кадимки Кубат бий, Ажы бий, Алымкул аталык, Алымбек датка, Мусулманкул миңбашы, Нүзүп бий, Курманжан датка, Полот хан жана башка тарыхый инсандардын аттары менен тыгыз байланыштуу. Айкөл Манас атабыз, Барсбек бабабыздан берки ата-бабаларыбыздын ысымдарынын катарын улаган, жогоруда аттары аталган аталарыбыз мына бүгүн биз үчүн, кийинки урпактар үчүн, маңдай жарыла мына бүгүн кубануу менен белгилеп жаткан Эгемендигибизге түздөн-түз таасир этишкени кашкайган чындык, биз үчүн чоң сыймык!

Кыргыз элинин тарыхында изи өчпөй, аты кылымдарга даңкталып кала турган чыгаан инсандарыбыздын учу ошону менен токтоп калган жок. Түптүү эл экенбиз, өткөн кылымдын башында бүгүнкү мамлекеттүүлүгүбүздүн пайдубалын түптөгөн Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Абдыкерим Сыдыков, Ишеналы Арабаев, Абдыкадыр Орозбеков, Баялы Исакеев, Касым Тыныстанов, Төрөкул Айтматов, алардан берки Исхак Раззаков, Турдакун Усубалиев жана башка аталарыбыз кыргыз элинин тарыхында тагдыр чечер бурулуштарды жасап, тарых жаратышкан. Кыргыз байрагын алгалатууга, кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөп, өнүктүрүүгө өмүрлөрүн арнашкан.

Урматтуу мекендештер, алыс-жакында жүргөн журтташтар!

Бүгүн, элибиз кубана турган дагы бир жакшы жаңылыкты жар сала кетейин. Кыргыз мамлекетинин көз карандысыздык майрамынын урматына жогоруда аттары аталган асыл инсандардын жолун улаган көрүнүктүү мамлекеттик, саясий ишмер аталарыбыз Насирдин Исанов менен Абды Сүйөркуловго “Кыргыз Республикасынын Баатыры” деген жогорку наамды ыйгаруу боюнча чечим кабыл алдым.

Бул эки ысымды билбеген, укпаган, алардын эл-жер үчүн жасап кеткен эмгектеринен кабары болбогон кыргыз болбосо керек. А түгүл, бул эки ысым коңшу мамлекеттер менен кошо ошол кездеги союздаш республикалардын баарына маалым болгон. Ар бир муундун ичинен элдин жүзүн, тагдырын, болмушун аныктай турган, жаркын келечекке багыттай турган атуулдар чыгат экен. Мен бул агаларды кыргыз элинин тарыхында тагдыр чечүүчү саясый мезгилдерде, өлкөнү өнүктүрүү жолунда көрүнүктүү из калтырган инсандардын катарын толуктап турат деп ишенимдүү айта алам.

Эки инсан тууралуу кыскача кеп

Урматтуу мекендештер!

Уучубуз куру эмес экен, улуу элдин урпактары экенибизди ушундай адамдар тастыктап келет. Башкача айтканда, жаратман эл экенибизди ак эмгеги, асыл нарк дөөлөттөрдү жаратуу менен далилдеп берген баатырларыбыздын иши уланууда. Эмки маселе, урматтуу замандаштар, бизде, биздин муундун өкүлдөрүндө.

Ар бир муундун өз миссиясы, аткара турган озуйпасы болот. Андан улам, тарых биздин муундан эмнени күтөт, кыргыз тарыхына кандай салым кошобуз, өткөндүн эмнесин чандык да, жаңыдан эмнени таптык? Кай багытта кантип өнүгөбүз, кийинки тарыхты кандай жаратабыз, кийинки муунга эмне таштай алабыз, мына ушундай тариздеги омоктуу соболдор баарыбызды ойлонтууга тийиш! Баарыбыз акыл калчап, тереӊ ойлонуп, олуттуу мамиле кыла турган озуйпа ушул!

Анткен менен өлкөдө күрдөөлдүү иштер жүрүп, жаркын келечекке жасаган кадамдарыбызга азыноолак токтоло кетейин.

Бүгүнкү күндө рухий жардылыктан арылып, билимге умтулган жаштарыбыз, “мамлекет мага эмне кылып берет?” дебей, “мен мамлекетиме эмне кыла алдым?” деген көз караштагы жарандарыбыз, эчендеген кылымдарды башына өткөргөн элибиз ушул күнгө нарк-насили менен жеткенин аңдап-түшүнүп, өзөгүн издеп, рухий дөөлөттөрдү даңазалаган эр-азаматтарыбыз, тарыхы тереңде жаткан элдин тамыры кенен жайылсын деген жаратман замандаштарыбыздын саны өсүүдө. Алакандай эл аталып, башка чукак журт элек, мынакей 7 миллиондуу калк болдук, Кудайга шүгүрчүлүк.

Кыргыз 7 санына өзгөчө маани берген, төлгө тартып, жакшылыкка жоруган. Элибиз бөөдө кырсыктан сырткары болуп, көбөйүп өсө берсин, 7 млн калкыбыз 70 млнго берсин!

Көбөйгөн сайын элибиздин аң-сезими өзгөрүп, мамлекет жасап берет деп отура бербестен, өз киндигибизди өзүбүз кескенге үйрөндүк. “Мамлекет боло албайсыңар” дегендер менен өчөгүшө, мүдөөсү бекем улуттар менен атаандаша жашаганды үйрөнө баштадык.

Эң ириде өлкө коопсуздугу турат эмеспи, ааламдашуу доорунда күч үстөмдүк кылып турган мезгилде аскердик күч-кубатыбызды арттырып, коргонуу мүнөзүндөгү, мамлекеттин аскер коопсуздугун камсыздоого багыт алган “Аскердик доктринаны” кабыл алдык.

Жогоруда белгилеп өткөнүмдөй, “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун курууга белсенип, мамлекетибиздин дүйнө жүзүнө кулачын жаюуга жол ачылып олтурат.

Жол демекчи, мамлекеттин экономикасынын күрөө тамырына айланган жол тармагында дагы реформалар башталды. Жол курууга техника жок деп шылтоолобой, 700гө жакын жол куруучу техникаларды сатып алууну мерчемдеп, алардын 265и сатылып алынып, азыр жер-жерлерде кызуу иштеп жаткан чагы. Жол менен кошо жарандык коргонуу тармагы дагы күчтөлүп, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине тик учак, куткаруучу техникалар алынды.

Ал эми баардыгы электр кубатына көз каранды болгон маалда бүгүнкү күндө ири ГЭСтердин агрегаттары реконструкцияланып, ондогон чакан ГЭС, күн, шамал электр станциялары курулуп жатканына жамы журтубуз күбө.

Ошону менен катар Кыргызстандын жүрөгүнө айланган Баткен облусуна миллиарддаган каражаттар каралып, айылдарды калыбына келтирүүгө, жаңы үйлөрдү, социалдык обьектилерди курууга, элдин жашоо-шартын оңдоого жумшалып жатат.

Таалим-тарбия, билим берүү тармагында бала бакчалардын, жаңы мектептердин курулушу 2 жылдан бери жигердүү жүрүп, республикадагы мектеп көйгөйү четинен чечилип келет.

Мындан сырткары, кызмат адамдарын ротациялоо ийгиликтүү натыйжасын берип жатканы үчүн, жер-жерлерде кызматтык үйлөр курулуп, колдонууга берилүүдө.

Аймактардагы аэробекеттердин курулуштары бүтсө, буюрса, өлкө ичиндеги аба каттамдары дагы жанданат.

Мына ушул сыяктуу иш-аракеттерден улам, эл аралык институттар тарабынан жүргүзүлгөн мониторингдердин негизинде Кыргызстан туруктуу өнүгүү жолуна түшкөн мамлекеттердин катарына кошулду.

Урматтуу кыргызстандыктар, жогоруда тизмектелген ири долбоорлорду ишке ашыруу менен көздөгөн максатыбызга жетебиз, элибиздин мүдөөсүн орундатабыз. Бир кезде Кыргызстандын жетишкендиктери менен сыймыктанчу учур да келет.

Андай заманды жаратуу, өнүккөн өлкө куруу биздин колубузда. Себеби, бизде баардык мүмкүнчүлүктөр бар. Өлкөдөгү, эл ичиндеги мындай артыкчылыктарды колдон чыгарбай туура пайдаланып, тарых жаратып калуу улам боло бербей турган тарыхый шанс.

Шансты кетирбейли, өлкөнүн жаратылыш ресурстары, адам ресурстарын туура, сарамжал, астейдил колдонуп, аталардан бизге калган эгемендүү Кыргызстанды өркүндөтүп-өстүрүп, кийинки муунга өткөрүп берели.

Дагы бир жолу Эгемендик майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!»

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз