Воскресенье, 28 апреля

Эгемендүүлүк күнү Бишкекте өзгөчө майрамдалды (Фото)

0

Бишкекте Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 32 жылдыгы белгиленди, деп билдирет муниципалитеттин маалымат кызматы.

Ала-Тоо аянтында саат 19:00дөн 00:00гө чейин кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусунда концерт уюштурулду.

Шаар тургундарын жана конокторун президенттин атынан министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров, Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Куванычбек Конгантиев куттукташты.

Эмилбек Абдыкадыров борбор калаанын тургундарын жана конокторун куттуктады.

«Дал ушул күнү ата-бабаларыбыздын кылымдар бою көксөгөн «эркин, көз карандысыз, өз алдынча өлкөдө болсок» — деген улуу тилектери орундалган. Ошондуктан, ар бирибиз үчүн эгемендүүлүк, өз алдынчалуулук, өлкөнүн бүтүндүгү жана биримдиги – бул эң башкы байлыгыбыз жана баалуулуктарыбыз.

Андыктан, элибиздин, жерибиздин көз карандысыздыгын көзүбүздүн карегиндей сактап, ынтымак, биримдикте өнүгүүгө карай бет алалы.

Өзгөрүүлөрдүн толкунунда өз жолун оңой эмес шартта басып келе жаткан шаарыбыз, алдыга арышын кенен таштап, жакшыруу жана жаңылануу багытында ишенимдүү бара жатат.

Борборубуз Бишкек — өзүнүн улам жаңы баскычтарга кол жеткирген аракеттери, алгылыктуу иштери менен көзгө көрүнө баштады.

Шаар казынасынын көбөйүшүнөн улам, көптөгөн социалдык обьектилер курулуп, шаарды оңдоо-түзөө, келбетин жакшыртуу иштери жүргүзүлүп жатат.

Өткөн жылы мектептерди курууга басым жазасак, быйылкы жылы бала бакчаларды, ооруканаларды, спорттук жана соода комплекстерди курууга арнап жатабыз.

Жалпыбыз жапа тырмак шаарыбыздын келечеги, гүлдөп, өсүп-өнүгүшү үчүн талыкпай эмгектенсек мында да көптөгөн ийгиликтерге жетишебиз.

Көп улуттан ширелген, ынтымакты бийик тутуп, достукту кастарлаган кайратман шаарыбыздын жашоочуларынын белсенген кайраты, күч-аракети, сабырдуулугу жана даанышмандыгы бул тилектерибиздин орундалышына толук ишендире алат», — деди мэр.

«Сүйүнчү» радиосу концерттик программа тартуулады.

Ошондой эле Султан Каримов, Эрлан Андашев, Юлия Руцкая, Эркин Мукашев, Кайрат Примбердиев, Адилет Азимов, Тамга, Баястан жана башка ырчылар чыгып, шаардыктарга жагымдуу маанай тартуулашты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз