Суббота, 4 мая

Көкбөрүдөгү тополоң: Ошто 65 киши суракка алынып, 9 адамга кылмыш иш козголду

0

Ошто көкбөрү оюну аяктагандан кийинки жаңжалга байланыштуу милицияда жалпы 65 киши суракка алынды. Алардын ичинен 9 адамга Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен иш козголуп, Кара-Суу райондук соту беш кишини эки айга камакка алды. Убактылуу кармоо жайда отурган дагы төрт адамдын бөгөт чарасы, бүгүн, 4-сентябрда каралат.

Калган 56 кишиге Укук бузуулар жөнүндө кодекстин “Майда бейбаштык” беренеси боюнча протоколдор түзүлүп коё берилген. Бул тууралуу  Ош облустук милициясынын басма сөз кызматынын маалымдашты. 

Маалыматка ылайык,учурда чогултулган видео тасмалардан окуяга катыштыгы барларды тактоо иштери жүрүп жатат.

Эске сала кетсек, Оштогу Төлөйкөн ат майданында 31-августта — өлкөнүн эгемендик күнүндө президенттин кубогу үчүн көкбөрү мелдешинин соңунда тополоң чыккан. Анда оюндун жыйынтыгына нааразы болгон айрым адамдар талаага чуркап чыгып, калысты кубалап, желим бөтөлкө, таш менен чапкан.

Жыйынтыгында чырдан жети адам жаракат алып, алардын бири ооруканага жаткырылганы кабарланган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз