Орусияга ыктаган блогер Микаэл Бадалян менен Sputnik Армениянын баяндамачысы Ашот Геворкян ок атуучу куралды мыйзамсыз айлантып жүргөн деген билдирүүнү Армениянын Тергөө комитети өзүнүн социалдык баракчасына жарыялады.
«Сюник облусунда 6-7-сентябрда Армениянын Улуттук коопсуздук кызматы козгогон иштин негизинде «Топтошкон адамдардын ок атуучу куралды айлантышы» деп аталган берененин негизинде кылмышка шектелип жети киши кармалган. Анын ичинде Мика Бадалян жана Ашот Геворкян болгон, иш Тергөө комитетине берилген», — деп жазылат ведомствонун маалыматында.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатканы айтылды.
Бадалян менен Геворкяндын кечээ кечинде Горис шаарында кармалышы боюнча Sputnik Армения кабарлаган. Агенттиктин маалыматына караганда, Геворкян Сюник облусуна «Мы» аттуу автордук программасына радиоматериал даярдоо үчүн жөнөп кеткен. Ал чек аралаш айылдардын турмушун көрсөтүп берүүнү пландаган.
Ал эми блогер Микаэл Бадалян Горис калаасында дайынсыз болуп жаткандыгын Россотрудничествонун башчысы Евгений Примаков билдирген. Анын айтымында, блогерди Арменияда мурда да камакка алышып, көптөр ага тагылган күнөөнү саясий өңүттө деп билишкен.