Воскресенье, 19 мая

Азербайжан Көлгө мейманкана курат

0

Министрлер кабинети Ысык-Көлдүн жээгинен Азербайжанга мейманкана куруу үчүн 17 гектар жер берет. Тиешелүү макулдашуу Жогорку Кеңештин бюджет комитетинин кароосуна жөнөтүлгөнүн депутат Дастан Бекешев өзүнүн Telegram каналында билдирди.

«Парламенттин Бюджет комитетинде Азербайжан менен Ысык-Көлдүн жээгинде беш жылдыздуу мейманкана куруу боюнча макулдашууну карайбыз. Бул үчүн министрлер кабинети Кара-Ой айылынан 17 гектар жер бөлүп бермекчи. Анын 12 гектарына курулуш түшсө, төрт гектары парк, бир гектары пляж болот», — деп жазды депутат.

Бекешевдин айтымында, өкмөт пансионатка чейинки жолду куруп, мейманкананы 10 жылга чейин салыктан бошотуу милдетин алат. Мындан тышкары, мөөнөтүн узартуу мүмкүнчүлүгү менен жерди 49 жылга берет. Өз кезегинде Азербайжан үч жылдын ичинде мейманкананы куруп бүтүшү керек, жумушчуларынын 70 пайызын жергиликтүү тургундар түзүшү кажет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз