Суббота, 4 мая

Мадумаровдун тарапташтары митингге чыгышты

0

Бүгүн, 13-сентябрда Бишкек шаардык сотунун алдына  оппозициялык «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун тарапташтары топтолду. Анда чогулгандар Мадумаровду эркиндикке чыгуусун талап кылышты.

Алар «Эл уулуна боштондук», «Мадумаровго боштондук», «Көзүңөрдү ачкыла» деген чакырыктарды айтышты.

Маалым болгондой, бүгүн Бишкек шаардык соту оппозициялык «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун баш коргоо чарасын карайт. Бирок ишти кароо жабык өтүп, журналисттер киргизилбей жатат.

Буга чейин Биринчи Май райондук сотунун чечиминин мыйзамдуулугун кароо үчүн Бишкек шаардык сотуна апелляциялык даттануу жазылган.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз