Суббота, 27 июля

Ташиев кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча билдирүү жасады

0

«Тажикстан бизге дооматтарды коюп келген. Биз ал аймактык дооматтарга жооп берип келгенбиз». Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

«Мамлекеттик чек араны демаркациялоо жана делимитациялоо комиссиянын төрагасы болом. Ушуга чейин коңшулар менен маселени тынч чечели деп аракет кылып келгенбиз. Дагы аракет кыла беребиз. Биздин өлкөгө өткөн жылы агрессия болгондугу бул — анык жана чын. Мындан ары андайга жол бербейбиз. Тажикстан бизге чек ара боюнча дооматтарды коюп келишкен. Биз ал аймактык дооматтарга жооп берип келгенбиз. Жаңы документтерди таптык. Ошол документтердин негизинде биздин өлкөнүн көптөгөн жерлери Тажикстанга өтүп кеткенин билебиз. Ошону тактап бере алабыз. Эгерде тажик тарап Кыргызстанга карата чек ара дооматтарынан баш тартпаса, анда биз дагы тарыхый документтердин негизинде аларга доо коёбуз. Күчүбүз да, мүмкүнчүлүгүбүз да жетет», — деди ал.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз