Ишембиде күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +20…+25, Таласта +18…+23, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +25…+30, Ысык-Көлдө +19…+24 жана Нарында +20…+25 градус болот.
Термометр бул күнү Бишкекте +22…+24 жана Ош шаарында +28…+30 градусту көрсөтөт.