Суббота, 27 апреля

Эрдоган: Түрк дүйнөсү өнүгүү жолунда

0

Түркиянын президенти Режеп Таййип  Эрдоган социалдык медиа аркылуу түрк дүйнөсүнө кайрылып, азыркы учурда түрк дүйнөсү бутуна тура баштаганын, өнүгүү жолуна түшкөнүн айтты. Эрдоган: «Түрк дүйнөсү инновацияга жана өнүгүүгө негизделген цивилизациялык мурасы, күчтүү мамлекеттик салттары, бекем коомдук түзүлүшү, көрөгөч бейөкмөт уюмдары менен жаңы ойгонуунун, жаңы өнүгүүнүн эшигинде», — деди.

Эрдоган өзүнүн сөзүндө, байланыш мүмкүнчүлүктөрү көбөйгөн бул доордо карым-катнашты көбөйтүү керек экенин баса белгиледи. Эрдоган: «Маркум Исмаил Гаспыралы айткандай «Тилде, ойдо, иште биримдик» идеалы алыс кыял эмес. Кечээкидей бүгүн да ынтымагыбызды, биримдигибизди камсыз кылуу, сактоо жана көбөйтүү бизге эң керектүү түркүк болуп берет. Кылымдардан бери келе жаткан алыстоолорго, кусалыктарга, азаптарга, жасалмалуулуктарга чекит коюуга мезгил жетти. Баарыбыз биримдикте, чоң болгондо, тирүү болгондо, бир тууган болгондо, түрк дүйнөсү бирге болгондо гана буга жете алабыз», — деди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз