Понедельник, 20 мая

Тайырбек Жумашбек уулу эки атаандашын жеңди (Видео)

0

Эркин күрөш боюнча балбан Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг) 16-сентябрда таймашка чыгып, беттешти 1/8 финалдан баштады. Биринчи кармашында азербайжандык спортчуну далысын килемге басып, таза жеңишке жетти. Чейрек финалда түркиялык балбанды 4:2 эсебинде утту. Бирок ал жарым финалда америкалык балбанга 2:12 эсебинде жеңилип калды. Эми Тайырбек Жумашбек уулу коло байге үчүн күрөшөт. Беттеш бүгүн, 17-сентябрда саат 22:00до өтөт. Беттешти УТРК Спорт каналынан түз эфирде көрүүгө болот.

 

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз