Четверг, 2 мая

Кыргызстанда кызамыкка каршы эмдөө кампаниясы башталды

0

Бүгүн, 18-сентябрда Кыргызстанда кызамыкка каршы эмдөө кампаниясы старт алды жана ал 29-сентябрга чейин уланат. Бул тууралуу «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттыкты сактоо, медициналык жана фармацевтикалык кызмат көрсөтүүлөрдү лицензиялоо башкармалыгынын башчысы Зинат Бейшебаева билдирди.

Анын айтымында, Саламаттык сактоо министрлиги иммунизация программасын коомдук саламаттык сактоонун артыкчылыктуу программаларынын бири катары аныктайт жана калкты иммунизациялоо жаатында сапаттуу кызматтарга адилетүү жана туруктуу жеткиликтүүлүктү камсыздоо боюнча бардык күч-аракетин жумшайт.

«Бүгүнкү күндө кызамык менен ооруп калгандардын саны өлкө боюнча 2018 учурга жетти, алардын көпчүлүгү – балдар. Кызамык жана кызылчага каршы кошумча иммунизациялоо боюнча өнөктүк вирустун жайылуусун алдын алат. Урматтуу ата-энелер, окуу жылы башталары менен балдар арасындагы байланыштар көбөйөт, демек, кызамыкты жуктуруп алуу тобокелчилиги жогорулайт», — деген ал ата-энелерди балдардын ден соолугун сактоо үчүн аларды эмдетүүгө чакырды.

Ал ошондой эле Иммунизация маселелери боюнча эксперттердин улуттук техникалык тобунун (ИЭУТТ) сунуштамасы боюнча эмдөө 9 айдан баштап 7 жашка чейинки балдар арасында кызамык-кызылча вакцинасы менен жасаларын белгиледи.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз