Понедельник, 20 мая

Бишкекте тез жардам кызматынын дарыгерин сабап салышты

0

Бишкекте тез жардам кызматынын дарыгерлерине кол салып, сабап салышкан.

Маалыматка ылайык, жардам көрсөтүү учурунда бейтаптын күйөөсү тез жардам бригадасына кол салган. Бул тууралуу Twitter социалдык тармагында Бишкек шаардык тез жардам медициналык борборунун директорунун орун басары Егор Борисов билдирди.

Аял дем жетпей жатканын айтып, дарыгерлерге кайрылган. Алар ага жардам бере баштаганда, бейтап аны муунтуп жатканын айтып кыйкырган. Дарыгерлер ага нашатырь спиртин гана жыттатканын айтышкан.

Андан кийин бейтаптын күйөөсү дарыгерге кол салганын видеодон көрсөңүз болот. Ошо менен токтоп калбастап, достору менен Тез жардам борборунун короосундагы дарыгерлерге да кол салган. Жыйынтыгында бир дарыгер ооруканага жаткырылып, эки дарыгер үйүндө дарыланууда.

Милиция бейтаптын 29 жаштагы күйөөсүн суракка алып, кое берген. Эми анын аракетине экспертизанын жыйынтыгы менен баа берилет.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз