Суббота, 18 мая

Рамзан Кадыров комадабы? Песков жооп берди

0

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров комада экени айтылып жаткан учурда Орусиянын президенти Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков бул тууралуу суроолорго жооп берди. Кадыровдун акыбалы кандай экенин так айтпаган Песков: «Бизде бул жаатта эч кандай маалымат жок. Кандай болгон күндө да президенттин администрациясы саламаттыкка байланыштуу маалыматтарды бербейт, андыктан бул жерде силерге айта турган эч нерсебиз жок», — деди.

Песков өз сөзүндө Путин өткөн аптада Кадыров менен жолугушпаганын да баса белгиледи.

Бир жумадан бери социалдык тармактарда Чеченстандын башчысы тууралуу айдың кептер көбөйдү. Айрымдар анын комада экенин айтса, айрым булактар анын ден-соолугу жакшы экенин айтууда.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз