Пятница, 17 мая

Айсулуу Тыныбекова үчүнчү ирет дүйнө чемпиону болду

0

Айсулуу Тыныбекова үчүнчү жолу дүйнөнүн чемпион болду!

Кыргызстандык балбан Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын 62 кг чейинки салмактагылар арасындагы финалда япониялык Сакура Мотокини 4:1 эсебинде жеңди.

Ушуну менен Айсулуу дүйнөнүн үч жолку чемпиону болду.

Белгилей кетсек, буга чейин Айпери Медет кызы алгачкылардан болуп кыз-келиндер күрөшү боюнча Олимпиада оюндарына жолдомо алган. Андан кийин лицензияны грек-рим күрөшүнүн балбаны Акжол Махмудов менен суучул Денис Петрашов уткан.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз