Пятница, 22 ноября

Жоламан да алтын медаль алды

0

Жоламан Шаршенбеков Дүйнө чемпионатында алтын медаль багындырды.

Үстүбүздөгү жылдын 16-сентябрынан 24-сентябрына чейин Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө биринчилигине Шаршенбеков 60 кг чейинки салмак ченинде 1/16 финалдык баскычтан тарта катышты.

Аталган беттеште Шаршенбеков литвалык, грузиялык, ирандык, өзбекстандык балбандарды жеңип, финалга чыккан.

Финалдык беттеште кыргыз балбаны япониялык спортчу Кеничиро Фумита менен кез келип, аны 11:6 эсебинде артта калтырып, жеңишти илип кетти. Жоламан Шаршенбеков буга чейин Дүйнөнүн бир жолку чемпиону болгон. Ал 2022-жылдын сентябрында Сербияда Дүйнө чемпиону аталган.

Белгилей кетсек, быйыл аталган чемпионатта 2024-жылы Париж шаарында өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулууда. Ошентип, Шаршенбеков Олимпиада оюндарына дагы жолдомо алды.

Эскерте кетсек, буга чейин балбан Айпери Медет кызы Дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынып, Олимпиада оюндарына жолдомо уткан. Ал эми Айсулуу Тыныбекова алтын медаль утуп, ал дагы Олимпиадага лицензия уткан. Ошондой эле балбан Акжол Махмудов дагы чемпионатта алтын медаль багындырып, Олимпиадага дагы бир жолдомону камсыздады. Мындан тышкары, суучул Денис Петрашов Японияда өткөн сууда сүзүү боюнча Дүйнө чемпионатынын жыйынтыгында дагы бир лицензия алып келди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз