Четверг, 9 мая

Израилдин согуштук учактары Газаны бомбалады

0

Израилдин согуштук учактары блокададагы Газанын Эль-Бурейж жана Жабалия аймактарындагы Хамастын эки байкоочу пунктуна абадан кол салды.

Буталанган пункттарды Хамастын аскердик канаты Кассам бригадалары Газанын чыгыш чек арасын көзөмөлдөө үчүн колдонушат.

Хамас бул маселе боюнча билдирүү жасабаганы менен, Израиль армиясы берген маалыматта сөз болгон кол салуу тастыкталды.

Маалыматта: «Израиль армиясына таандык учкучсуз учуучу аппарат катуу тополоңдор орун алган Бурейж жана Жабалия аймактарында Хамаска таандык эки аскерий пунктту бомбалаганы» белгиленди. Ошондой эле, «Газа чек арасындагы коопсуздук тосмолорунун жанындагы аскерий күчтөргө башаламандык орун алган аймактан ок атылгандыгы» айтылды.

Бир тараптан Газадагы палестиналыктар, фанатик жөөттөрдүн Месжид-и Аксага кирип баруусуна жана басып алынган Батыш Шериада жасалган мыйзам бузууларга каршы чыгуу үчүн сегизинчи күндө да демонстрация өткөрүштү.

Израиль аскерлери демонстрацияга реалдуу жана резина капталган ок жана көздөн жаш агызуучу газ менен кийлигишти.

Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Газадагы билдирүүсүндө Израиль күчтөрүнүн чек ара аймагында нааразылык акциясына чыккан палестиналыктарга ок атуусунун натыйжасында 3 кишинин жараланганы белгиленди.

Ондогон адамдар да көздөн жаш агызуучу газдан жапа чекти.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз