Вторник, 7 мая

“Манас” аэропорту жаңы авиакаттамдарды ачууда

0

«Манас» эл аралык аэропорту жаңы рейстерди ачууда. Бул тууралуу аталган аба майдандан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2-октябрдан тарта дүйшөмбү жана шаршемби сайын каттаган Шарм-эль-Шейх — Бишкек — Шарм-эль-Шейх рейсин ачуу пландалууда.

«Бул чартердик рейстер кышында каттайт. Элди египеттик Red Sea Airlines ташыйт», — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, 30-октябрдан 30-мартка чейин VietJet Air авиакомпаниясы Вьетнамдан рейс ачууну пландоодо. Учактар Нячанг шаарынан ар шаршемби сайын учмакчы.

«Бул нерсе туристтер үчүн маршрутту кеңейтип, саякатчылардын мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртат», — деп айтылат маалыматта.

Жаңы рейстер Кыргызстан менен башка мамлекеттердин байланышын бекемдей турганы белгиленди.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз