Пятница, 3 мая

Конституциялык соттун чечими кайра каралат. Мыйзам кабыл алынды

0

Жогорку Кеңеш Конституциялык соттун чечимдерин кайра кароого укук берген мыйзам долбоорун кабыл алды.

Ага ылайык, аталган органдын чыгарган тыянагы кээ бир учурда акыркы болуп саналбайт. Президенттин жана Конституциялык соттун төрагасынын сунушу менен кайра каралууга жатат.

Добуш берүүнүн алдында эл өкүлдөрү Марлен Маматалиев менен Надира Нарматова бул мыйзам «матчествого» каршы жазылганын айтып, кесиптеширинин көңүлүн бурду. Бирок мыйзам бир эле ага эмес, Конституциялык соттун башка чечимдерине да тиешелүү болот.

Мыйзам президент кол койгондон кийин күчүнө кирет.

Эске сала кетсек, мыйзам долбоору президентке жана Конституциялык соттун төрагасына төмөнкү учурларда соттун чечимдерин кайра кароого жиберүү укугун берет:

  • Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченеми, анын негизинде чечим кабыл алынганда;
  • даттануу үчүн чечим кабыл алынган учурда Конституциялык сотко белгисиз болгон жаңы олуттуу жагдайлар табылганда;
  • чечим Кыргызстандын элинин моралдык-этикалык баалуулуктарына, коомдук аң-сезимине карама-каршы келгенде.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз