Воскресенье, 5 мая

Түркия-Кыргызстан кызматташтык алкагында дагы бир келишимге кол коюлду

0

Кыргызстан менен Түркиянын бийликтери коопсуздук келишимине кол коюшту, ага ылайык эки өлкө трансулуттук кылмыштуу уюмдарга, баңги аткезчилигине, адам сатууга жана арам акчаны адалдоого каршы биргелешип күрөшөт. Бул тууралуу түркиянын жергилитүү маалымат басылмалары жазды.

Кыргызстандын министрлер кабинети Түркия менен коопсуздук келишиминин долбоорун жактырганы белгилүү. Долбоордун сыпаттамасына ылайык, анда Кыргызстан менен Түркиянын коопсуздук маселелери боюнча кызматташуусунун укуктук негиздери каралган. Кыргызстан менен Түркия өз мамлекеттеринин кылмыш мыйзамдарын эске алуу менен эки өлкөнүн аймагында жасалган кылмыштар боюнча биргелешип иликтөө жүргүзөт.

«Тараптар эл аралык уюшкан кылмыштуулук, арам акчаны адалдоо, асыл таштарды жана пайдалуу кендерди мыйзамсыз жүгүртүү сыяктуу кылмыштуулуктун алдын алууда кызматташат. Кыргызстан менен Түркиянын укук коргоо органдары баңги аткезчилигине, адам сатууга, мыйзамсыз миграцияга, курал-жарак сатууга, химиялык жана биологиялык заттарды мыйзамсыз сатууга каршы биргелешкен иш-чараларды өткөрөт.

Мындан тышкары, келишим расмий документтерди жасалмалоо, терроризмди каржылоо, тамеки, күйүүчү май жана алкоголдук ичимдиктерди контрабандалык жол менен алып өтүү өңдүү кылмыштарга байланыштуу профилактикалык иш-чараларды жүргүзүүгө мүмкүндүк берет», — деп жазылган маалыматта.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз