Кыргызстандын айрым жерлерде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Айрым аймактарда үшүк жүрүшү ыктымал. Туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика, коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.
Абанын температурасы Чүйдө +7…+12, Талас, Нарын облустарында +6…+11, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында +14…+19, Ысык-Көлдө +8…+13 градус жылуу болот.
Борбор калаада мезгил-мезгили менен жаан жаап, күндүн табы +9…+11 градуска жетсе, Ош шаарында күн ачык болуп +16…+18 градус жылуу болот.