Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Чикаго шаарында бир адам 6 жаштагы палестиналык баланы өлтүрүп, апасын жарадар кылды.
Уилл округунун шериф кеңсеси тарабынан жасалган билдирүүдө кол салууну 71 жаштагы Жозеф М.Цзубанын «бала менен апасынын мусулман болушу жана Израиль-Палестина кагылышуусунан» улам жасаганы айтылды.
Үй ээси бычак менен кол салганын айткан аял телефон чалгандан кийин полиция чара көрүп, окуя болгон жерге барганда Цзуба үйдүн алдында отурганын көрүшкөнү айтылды.
Белгиленгендей, кийинчерээк үйгө кирген полиция кызматкерлери бычактан катуу жаракат алган 32 жаштагы аял менен анын 6 жаштагы баласын табышкан.
26 жолу бычак сайылган бала ооруканага жеткирилгенден кийин каза болуп, апасынын абалы оор экени белгилүү болду.
Бийликтер Цзуба баланы Израил-Палестина жаңжалынын таасири астында мусулман болгондугу үчүн өлтүргөнү аныкталганын билдирди.
Цзуба биринчи даражадагы киши өлтүрүү, биринчи даражадагы киши өлтүрүүгө аракет кылуу, эки жек көрүү кылмышы жана өлүмгө алып келген курал менен оор сокку уруу кылмыштары менен айыпталууда.
АКШнын президенти Жо Байден мусулман баланын өлтүрүлүшүн «жек көрүүчүлүктүн үрөй учурарлык актысы» деп билдирди.