Бүгүн, 18-октябрда Бишкекте Эл аралык жарандык коргонуу уюмунун 56-сессиясы өтүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ага катышуу үчүн уюмдун аткаруу кеңешине мүчө 24 өлкөнүн өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү кызматынын өкүлдөрү, уюмдун башкы катчысы Нжупуо ЯП Мариату катышууда.
Жыйынга катышкан КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров беделдүү уюмга Кыргызстан 2011-жылдан тарта мүчөлүк кылып, ал аралыкта өлкө өзүнүн жарандык коргонуу тармагындагы жогорку даярдыгын көрсөтө алгандыгын айтып, бул тармакта өлкөлөр ортосундагы тажрыйба эң маанилүү экенин баса белгиледи.
КР өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев өз сөзүндө соңку мезгилдердеги климаттын өзгөрүүсүнө байланыштуу табигый кырсыктардын алдын алууга, кесепеттерин жоюуда техникалык мүмкүнчүлүктөрдү жогорулатууга жана куткаруучу, адистердин тажрыйбасын жогорулатууну максат кылган уюмдун аткаруу кеңешине Кыргызстан үчүнчү ирет төрагалык кылып жатканын белгиледи.
Белгилей кетсек, ЭЖКУнун 56-сессиясы Кыргызстанда 18-19-сентябрь күндөрү өтүп, тараптар жарандык коргонуу багытындагы бир катар маселелер талкууланат.
Табигый жана техногендик мүнөздөгү кырсыктардан эң ириде адам өмүрүн, аймактарды, материалдык жана маданий баалуулуктарды сактоодо дүйнө мамлекеттеринин башын бириктирген уюмга жалпы 60 өлкө мүчөлүк кылат.