Израилдин Газадагы Эль-Эхли баптист ооруканасын бомбалоосунан алгачкы эсептөөлөр боюнча 500 адам каза болду.
Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Ашраф эл-Кудра, Эль-Эхли баптист ооруканасын бутага алган бомбалоодо 500 кишинин каза болгонун билдирди. Каза болгондордун көбү ымыркайлар, балдар жана аялдар.
Палестинанын президенти Махмуд Аббас окуядан кийин 3 күндүк аза күтүү жарыялады. Ошол эле учурда Палестина Израилдин согуштук учактарынын Газадагы Эль-Эхли баптист ооруканасын бутага алуусунун «согуш кылмышы» экенин билдирди.
Палестинанын Тышкы иштер министрлигинин Фейсбук баракчасына Израилдин кол салуусуна байланыштуу билдирүү жасалды. Билдирүүдө Израилдин согуштук учактарынын Газадагы Эль-Эхли баптист ооруканасын бутага алуу менен «согуш кылмышын» кылганы жана мунун ошондой эле адамзатка каршы кылмыш болгону белгиленди.
Израиль армиясынын Газа тилкесине 7-октябрда башталган кол салуулары уланууда.
