Азербайжандын президенти Илхам Алиев Карабах маселеси түбөлүккө жабылганын билдирди.
Илхам Алиев Физули шаарынын армян баскынчылыгынан бошотулушунун 3 жылдыгында болуп, ата мекенине кайтып келген жарандар менен жолугушту.
Жарандар менен баарлашкан Алиев, башка шаарлар сыяктуу Физулинин да басып алуу мезгилинде армяндар тарабынан толугу менен талкаланганын эске салып, Азербайжан мамлекетинин кийин бул жерге жаңы шаар курганын билдирди.
Алиев 800дөн ашуун физулиликтин шаарга кайтып келип, шаарга жайгашкандыгын маалымдап: «Жылдын аягына чейин Физулиде 2 миңге жакын адам жашайт. Улуу Кайтуу программасынын биринчи этабында 2026-жылдын аягына чейин 22 миң атуул Физулиге кайтып келет. Ал күнгө чейин, жалпысынан бул мезгилдин аягына чейин Карабах менен Чыгыш Зангезурга 140 миң адам отурукташат»,-деп айтты.
Кээ бир чет мамлекеттердин Азербайжанды оккупация мезгилинде Карабахтан баш тартууга көндүрүүгө аракет кылганын эске салган Илхам Алиев: «Маселени согуш менен чечүүгө болбойт дешти. Биз аны (согуш менен) чечсе болорун далилдедик жана маселе жабылды. Карабах маселеси биротоло жабылды. Сепаратисттердин китеби түбөлүккө жабылды»,-деди.