Вторник, 26 ноября

Ашууларга кар жаап жатат

0

«Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасы өлкөнүн ашууларындагы жолдордун абалы тууралуу маалымат берди.

Ишкананын маалыматына ылайык, учурда Бишкек — Ош унаа жолунун Төө-Ашуу ашуусунда күн бүркөк, жол ачык. №9 жол тейлөө ишканасы тарабынан күзөт бар. Чычкан капчыгайында жана Ала-Бел ашуусунда кар аралашкан жамгыр жаап жатат. №23 ЖТИ кызматкерлери жеринде көзөмөлгө алышууда.

Ошондой эле Суусамыр — Талас — Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусунда күн бүркөк, азыркы учурда жол кыймылына чектөө жок, өтмөк ачык. №36 ЖТИ тарабынан көзөмөлдөнүүдө.

Ал эми Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун Долон ашуусунда учурда суу кар жаап жатат. Унаа жол ачык, №41 ЖТИ жеринде иш алып барууда.

Ысык-Көл районундагы Сөөк ашуусунда шамал болуп жатат. Учурда ашуу ачык, каттам бар.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз