Воскресенье, 28 апреля

Баткендин «Мадыген» геопаркы туристтерди өзүнө тартууда

0

Баткен районунун Самаркандек айыл аймагынан батышка карай 18 чакырым алыстыкта жайгашкан «Мадыген» геопаркына саякат уюштурулду. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

«Мадыген» геопаркына президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Тимур Мадяров, Германиянын Кыргызстандагы элчиси Габриэла Геллил баштаган элчиликтин өкүлдөрү, мекеме ишканалардын кызматкерлери, тарыхчылар жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү барды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз