Понедельник, 13 мая

Израиль качкындар лагерин бомбалады (Фото)

0

Израиль армиясы блокада астындагы Газа тилкесинде ичинде көп сандаган жаран болгон Жибалия качкындар лагерине карата кол салууну мойнуна алды.

Израиль армиясынын басма сөз катчысы Даниел Хагари, пресс-жыйынында Газа тилкесиндеги Жибалия качкындар лагеринде эки имараттын талкаланып, көп сандаган жаран каза өлгөн кол салуу жасагандарын айтты.

Хагари Израиль армиясынын Газага кургактыктан киргенден кийин «согушту башкарган» Хамастын жогорку даражалуу өкүлү Ибрахим Биарини бутага алышкандарын айтты.

Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлиги Жибалия качкындар лагерине кечээ Израиль күчтөрү жасаган кол салууда алгачкы белгилөөлөргө караганда  100 кишинин каза болгондугун жарыялаган.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз