Вторник, 21 мая

Азербайжанда курман болгон аскерлер эскерилди

0

Азербайжан  Карабах жеңишинин  3-жылында жерлерин оккупациядан куткаруу үчүн каза болгон аскерлерин эскерди.

Азербайжандыктар Экинчи Карабах согушундагы жеңиштин 3-жылын белгилеп аскерлердин мүрзөлөрүнө барышты. Борбор шаар Бакуда Экинчи Фахри Хыябандагы мүрзөгө барган курман болгон аскерлердин жакындары жана жарандар мүрзөлөргө гүл коюп, дуба кылышты.

2020-жылы  27-сентябрда  башталган  Экинчи Карабах согушунда Азербайжан  300гө жакын айылын жана шаарын оккупациядан бошотту. Азербайжан  армиясынын Шушага кириши Армиян армиясынын тарашына себеп болгон. 2020-жылы  10-ноябрда  жеңилишин кабыл алган Армения Агдам, Келбежер жана Лачын облустарынан армиясын  чыгарарына  убада берген билдирүүгө  кол койгон.

Азербайжандын  президенти Илхам Алиев 8-ноябрды «Жеңиш күнү» деп жарыялаган.

Экинчи Карабах согушунда Азербайжан армиясынан  2 миң  908 аскер курман болду.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз