Воскресенье, 24 ноября

Өлкөдө 46 мамлекеттик дарыкана ачылат

0

Кыргызстан боюнча жалпы 46 мамлекеттик дарыкана ачуу пландалууда. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Жайыл районунда мамлекеттик «Эл Аман» дарыканасынын эки филиалын ачуу иш-чарасында билдирди.

Министр өз сөзүндө жеткиликтүү медициналык кызмат көрсөтүү максатында мамлекеттик дарыканаларды ачуунун зарылдыгын жана маанилүүлүгүн белгиледи.

Анын айтымында, мамлекеттик дарыканаларда сапаттуу дары-дармектер жарактуулук мөөнөтүн эске алуу менен сатылат, эң негизгиси, бүткүл Кыргызстан боюнча “Эл Аман” мамлекеттик дарыканаларында дары-дармектерге бирдиктүү баа базасы түзүлөт.

«Көптөгөн лицензиясы жок башка жеке дарыканалар дары-дармектерди кымбат баада сатып, дарылардын жарактуулук мөөнөтүн сакташпайт, ал өз кезегинде адамдын ден соолугуна терс таасирин тийгизип, эч кандай пайдасы жок. Дарыканалар – коррупциялык схемалар менен күрөшүүнүн жолдорунун бири. Биз рейддерди жүргүзүп жатабыз, анын жыйынтыгында тиешелүү лицензиясы жок иштеп жаткан дарыканаларды аныктадык”, — деп билдирди саламаттык сактоо министри.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз