Понедельник, 25 ноября

Түрк куралдуу күчтөрү быйыл 2 миңге жакын террористти жок кылды

0

Түркиянын Улуттук коргоо министрлигинин апталык маалымат брифингинде, террор менен күрөшүүгө байланыштуу сандар айтылды.

Түрк куралдуу күчтөрүнүн ПКК/КЖК/ПЙД-ЙПГ, ДЕАШ жана ФЕТӨ сыяктуу ар кандай коркунучтарга каршы күрөшүнүн чечкиндүүлүк менен уланып жатканы белгиленип: «Акыркы жумада Ирак жана Сириянын түндүгүн кошкондо 33 террорист жок кылынды, муну менен жыл башынан бери жок кылынган террорист саны 1835ке, 2015-жылдын 24-июлунан бүгүнкү күнгө чейин 39 миң 178ге жетти» деп айтылды.

Ирактын түндүгүндөгү Хакурк, Гара жана Кандил аймактарындагы террордук буталардын ушул айдын башында аткыланганын эске салган министр: «Аба операциялары менен ичинде жооптуу террористтер да бар деп эсептелген үңкүрлөр, бункерлер, баш калкалоочу жайлар жана кампалар менен бирге жалпы 27 бута ийгиликтүү жок кылынды жана көп сандаган террорист таасирсиз кылынды»,-  деген сөздөр камтылды.

Ирактын түндүгүндөгү Чеңгел-Кулпу аймагында көп сандаган курал жана ок-дары сакталган баш калкалоочу жай менен үңкүрдүн, Чеңгел-Чагылган аймагында болсо 6 баш калкалоочу жай менен бир үңкүрдүн жок кылынганы билдирилди.

Сириянын түндүгүндөгү аскерлерге каршы жыл башынан бери 433 кол салуу аракети жасалганы белгиленип, «Жооп кайтаруулардын негизинде 19у акыркы жумада жалпы 1340 террорист таасирсиз кылынды», — деп айтылды.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз