Воскресенье, 24 ноября

Ысык-Көлдөгү маңгүгө БАЭнин лидеринин аты берилди

0

Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунун Ак-Шыйрак тоо кыркаларындагы № 354 аты жок мөңгүгө Бириккен Араб Эмиратынын негиздөөчүсү Шейх Заед бин Султан Аль Нахайяндын ысымы берилди. Тийиштүү мыйзамга президент Садыр Жапаров 10-ноябрда кол койду.

Мыйзамды Жогорку Кеңеш 2023-жылдын 5-октябрында кабыл алган.

Парламенттин тармактык комитетинде мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча агенттиктин директорунун орун басары Мурат Байдылдаев май айында жогорудагы адамдын ким экенин жана Кыргызстанга жасаган салымын айтып берген.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз