Понедельник, 20 мая

Жапаров ЮНЕСКОдо Айтматовдун осуятын айтты

0

Президент Садыр Жапаров Парижде ЮНЕСКОнун Башкы конференциясынын 42-сессиясында сүйлөп жатып Кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун осуятын жыйындын катышуучуларына айтып өттү. Президент Жапаров улуу калемгердин:

“Жерди, жаратылышты сактагыла, ансыз жер бетинде жашоо болбойт. Эркиндикти жана тынчтыкты сактагыла, ансыз биздин жашообузда тынчтык болбойт. Сүйүүнү, адеп-ахлакты, абийирди сактагыла, ансыз адам адам болбой калат. Өткөндү унутпа, анткени ансыз келечек жок”, — деген  сөздөрүн айтты.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз