Суббота, 27 апреля

Кыргызстан Палестина элинин көз карандысыздык укугун тааныйт

0

Президент Садыр Жапаров Эр-Рияд шаарына (Сауд Аравия Падышалыгы) болгон иш сапарынын алкагында Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) 8-кезексиз саммитинде сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө бүгүнкү саммиттин маанилүүлүгүн белгилеп, чукул жыйын Палестинадагы каргашуу окуяларга байланыштуу өткөрүлүп жатканын айтты.

“Бул чыр-чатактын кесепетинен жакындарын жоготкон үй-бүлөлөргө жана бир айдан ашык убакыттан бери күчөгөн зордук-зомбулуктун натыйжасында эбегейсиз жоготууларга жана кыйынчылыктарга дуушар болгон бардык палестиналык жарандардын кайгысын кыргыз эли тең бөлүшөт. Ар бир кыйылган өмүр – бул чоң трагедия. Өз кезегинде, Кыргыз Республикасы Газа тилкесиндеги карапайым калктын азабын жеңилдетүү үчүн гуманитардык жардам көрсөтүүгө даяр.

Биз палестиналык боордошторубузга тышкы агрессияны жана бейкүнөө адамдардын өлүмүн токтотууга колдоо көрсөтүү, ошондой эле гуманитардык жардам берүү биздин жалпы милдетибиз деп эсептейбиз.

Газа тилкесиндеги уруш аракеттери Палестина элинин көп сандаган курмандыктарына жана азап-кайгысына алып келди, бул болуп көрбөгөндөй гуманитардык катастрофа.

Бейкүнөө жарандардын, анын ичинде наристе балдар менен аялдардын өмүрлөрү кыйылышы кабыл алынгыс жана эл аралык коомчулук тарабынан кеңири айыпталууга тийиш.

Жарандык инфраструктурага, мектептерге, ооруканаларга жана турак жайларга тандоосуз кол салуу эл аралык гуманитардык укукту бузуу гана эмес, адам укуктарын да олуттуу бузуу болуп саналат”, — деди Садыр Жапаров.

Президент белгилегендей, Кыргызстан Палестина элинин көз карандысыздыкка жана суверендүү мамлекетти түзүүгө болгон мыйзамдуу укуктарын тааныйт. Ал палестиналыктардын таламдарына жана каалоолоруна жооп берген бирден-бир туура чечим — Коопсуздук Кеңешинин жана Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын тиешелүү резолюцияларынын аткарылышы керектигин кошумчалады.

Буга байланыштуу Кыргызстан Коопсуздук Кеңешин жана Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясын эл аралык коомчулуктун атынан Газа тилкесиндеги зордук-зомбулукту токтотуу жана Газа тилкесиндеги коопсуздук кризисин жөнгө салуу үчүн эффективдүү жана чечкиндүү чараларды көрүүгө чакырат.

“Ошол эле учурда, биздин Ислам Үммөтүнүн эл аралык коомчулукту бул баскынчылыкка каршы бирдиктүү жана консолидацияланган позицияны карманууга ынандыруусу жана кагылышуучу тараптарды сүйлөшүүгө отургузуу үчүн эл аралык аракеттерди активдештирүү зарыл.

Чыр-чатактын катышуучулары жарандардын өмүрүн коргоого артыкчылык берүүсү жана Бириккен Улуттар Уюмунун негизги документтеринде бекитилген эл аралык гуманитардык укуктун универсалдуу эрежелерин урматтоосу өтө маанилүү.

Адилеттүүлүк, теңдик жана адам укуктарын урматтоо принциптери Израиль-Палестина жаңжалын чечүүгө умтулууда биздин иш-аракеттерибизге жетекчилик кылууга тийиш.

Тынчтык бул – абстракттуу түшүнүк эмес – бул диалог, түшүнүшүү жана эл аралык укукту урматтоо аркылуу жетишүүгө боло турган реалдуулук экенине баарыбыз бекем ишенебиз.

Кыргыз Республикасы бүткүл Жакынкы Чыгышта адилеттүү жана туруктуу тынчтыкка жетишүүгө багытталган бардык күч-аракеттерди колдоого умтулат.

Ушундай шартта гана чыр-чатактын тараптары адилеттүүлүк жана бакубатчылык өкүм сүргөн тынчтыкта жана коопсуздукта жанаша жашай алышат”, — деп президент Садыр Жапаров сөзүн жыйынтыктады.

KYRGYZ.NEWS САЙТЫНА КАТТАЛЫП МААЛЫМАТ АЛЫП ТУРУҢУЗ

Бөлүшүү

Комментарий жазыңыз